Новости

Илимий китепкананын кызматкерлери ич ара аттестациядан өтүштү

2013-жылдын 5-сентябрында өткөн ич ара аттестациянын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2016- жылдын 11-июлунан 15-июлуна чейин ич ара аттестациялоо болду. Аттестация "ОшМУнун окутуучу жана кызматкерлерин аттестациялоо" боюнча чыккан №16-бюллетениндеги жобонун жана илимий китепкананын кызматкерлерин ич ара аттестациялоо №527 (16.06.2016),№538 (21.06.2016)ректордун буйруктарынын негизинде өткөрүлдү. Ар бир китепкана кызматкерлеринин номенклатуралык иш кагаздарынын абалын текшерүү, "ИРБИС-64" системасынын программалары боюнча жалпы түшүнүгүн жана АЖО "Каталогдоочу" программасы менен иштөөсүн, китеп фондунун туура жайгашуусун,санитардык абалын, каталогдордун учурдагы абалы, кайтарылбаган китептер менен иштөөдө AVN программасына болгон даярдыктарын, "Буккросинг", "Сөз тизгини ректордо", "Маалымат бурчтарынын" уюштурулушун жумуш орундарында текшерүү болду. Жыйынтыгы чыгарылып, китепкана кызматкерлерине тааныштырылды.
3990 11:23 27-07-2016

                 

Новости

|< >|