Новости

Каныбек Исаков ОшМУнун ректору кызмат ордуна бекитилди

Мындай буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри С.Ш.Жээнбеков 19-июлдагы №401 буйругунда кол койгон.

Бүгүн, 20-июль күнү аталган буйрукту КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов жамаатка тааныштырды. «Ош мамлекеттик университетинин жамааты менен мындан ары да изги иштердин өтөсүнө чыгып, университеттин аброюн көтөрүп, мындан да бийик деңгээлге алып чыгасыз деп ишенебиз. Окуу жай үчүн койгон бийик максаттарыңыз, аруу тилектериңиз ишке ашсын», -деди жамааттын атынан куттуктаган ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев.

“Жамааттын колдоосу мен үчүн чоң жоопкерчилик, аванс болду, мындан ары да жигердүү эмгектенип, ОшМУнун Кыргызстандагы, Борбордук Азиядагы эң алдыңкы университеттердин катарында бедели бийик болуусуна, студенттердин сапаттуу билим алуусуна чын ниеттен кызмат кылам деди”- ОшМУнун ректору Каныбек Исаков. Белгилей кетсек, 2016-жылдын 8-июлунда Ош мамлекеттик университетинин ректорлук кызмат ордуна болгон 5 талапкер катышкан шайлоодо ф.и.д., профессор Исаков Каныбек Абдуваситович профессордук-окутуучулук курамдын эң көп добушуна ээ болгон.

28493 11:09 20-07-2016

                 

Новости

|< >|