Новости

1-2-август күндөрү Ош шаарында өтүүчү «Мекендештер -2016» үчүнчү форумуна карата пресс-конференция уюштурулду

Бүгүн, 14-июль күнү 1-2-август күндөрү Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүүчү «Мекендештер -2016» үчүнчү форумуна карата пресс-конференция уюштурулду.

Пресс конференцияга Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркул Кендирбаева, Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым Укуктуу Өкүлчүлүктүн 2-катчысы Мээримбек Апышов, Ош мамлекеттик университетинин проректору Олжобай Шаимкулов катышып форум боюнча маалымат беришип, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Пресс конференцияда Догдуркул Кендирбаева «Мекендештер-2016” Форумунун негизги максаты - Кыргызстандын аймактарынын географиялык жайгашуусунун уникалдуулугун, тарыхый жана табыгий байлыктарын эске алуу менен ишкерлик демилгелерди активдештирүү максатында чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын ичинен кубаттуу инвесторлордун көңүлүн буруу болуп саналарын белгиледи. Ошондой эле быйыл форум дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн келген диаспора өкүлдөрүнөн, бизнес-бирикмелеринен, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн жана миграция боюнча эл аралык жана улуттук эксперттерден турган 400 адамдын башын бириктирерин кошумчалады.

“Дискуссиялар алкагында катышуучуларга Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүнүн жолдору жана келечеги тууралуу маалымат берилет. Форумдун катышуучулары өздөрү чыгып сүйлөп, ой-пикирлерин бөлүшүп, өлкөнү, облусту, районду, шаарды өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн долбоорлорду жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулашат. Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволорунун, Кыргыз Республикасындагы Дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, коммерциялык банктардын, эл аралык финансылык институттардын жана чет өлкөдөгү мекендештердин катышуусу пландалып жатат”, -деди Догдуркул Кендирбаева.

Форумдун жүрүшүндө журналисттер форумдан күтүлүүчү жыйынтыктар, форумдун жүрүшү боюнча суроолорду беришип, жоопторду алышты.

Белгилей кетсек, “Мекендештер-2016” Форумун “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Кыргыз өкмөтү, “Замандаш” Ассоциациясы жана Ош мамлекеттик университети менен биргеликте өткөрүп жатат.

21510 15:18 14-07-2016

                 

Новости

|< >|