Новости

ОшМУда гранттык комиссия өз ишин баштады

Бүгүн, 11-июль күнү саат 8-00дө абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталып, бардык адистиктер боюнча айрылма таландорду таштоо процесси жүрүүдө.

“ОшМУда төрт жылдан бери кабыл алуунун ачык-айкын уюштуруу багытында жүргүзүп жаткан иштери быйылкы кабыл алууда да ишке ашууда. Айта кетсек абитуриент тарабынан ташталуучу айрылма талондор атайын сканер аркылуу компьютерге киргизилип, ал дароо сыртка коюлган экрандарда жана интернеттеги университеттин //www.oshsu.kg сайтындагы конкурстук абал деген бөлүгүндө онлайн-режиминде чагылдырылууда. Абитуриенттер өз позияциясын каалаган жерде интернет аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ”, -деди ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Жанболот Турсунбаев.

Абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Билим берүү министрлиги бекиткен босого балл боюнча бюджеттик негизде билим алуу үчүн 110 балл, кошумча предметтери 60тан жогору, келишимдик негизде билим алуу үчүн негизги тести 110 баллдан жогорку абитуриенттерге конкурска катышууга мүмкүнчүлүк берилген. Учурда айрылма талондорду таштаганы келген абитуриенттердин саны арбын болууда.

Кошумчалай кетсек, кабыл алуунун биринчи туру11-июль күнү башталса, 13-июль күнү саат 14-00 жыйынтыкталып гранттык комиссия тарабынан каралат, комиссия тарабынан сунуш кылынган абитуриенттер документтерин тапшырууга укук алышат.

20518 12:02 11-07-2016

                 

Новости

|< >|