Новости

Медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү "Гиппократтын антын беришти"

 

Медицина факультетинде 6- июнь күнү 2016-жылдагы студент деген наамдан айрылып, турмуштун даңгыр жолуна аттанган келечек ээлери үчүн «Гиппократтын антын ичүү»  аземи факультеттин башкы имаратынын алдында өткөрүлдү.

 

Салтанаттуу кечени ачылышында КРнын гимни менен башталып, келечектеги өмүр сакчыларын куттуктап факультеттин декан, профессор М.А. Арстанбеков баштаган деканат жамааты, кафедра башчылары, мугалимдер, ата-энелер жана атайын чакырылган коноктор катышып, сөз сүйлөп келечектеКРнын саламаттык сактоо тармагында талыкбай кызмат кылуусун жана медицина илимдеринин кандидаттары, дорторлору, профессорлор чыгып факультеттин,университеттин аброюн бийик көтөргөн даарыгерлер болуусун каалат өтүштү.

 

Ошондой эле салтанатта бүтүрүүчүлөр да өз каалоо-тилектерин билдиришип, окуткан устаттарына, медицина факультетинин жамаатына ыраазычылык  сөздөрүн жолдошту.

 

Кеченин экинчи бөлүгүндө бүтүрүүчүлөр «Гиппократтын антын берип» андан соң окуудагы ийгиликтери жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттеге грамоталар тапшырылды.

 

Кеченин аягында бүтүрүүчүлөрү үчүн бий кечеси улантылып, оюн-зооктор менен коштолду.

 

Белгилей кетсек:     Быйылкы окуу жылында медицина факультетинде

Даарылоо иши адистигинде 267

Педитрия адистигинде 38

Стоматология адистигинде 98

Медико-профилактикалык иши адистигинде 13

 

жалпысынан 416 студент бүтүрдү.

  

4429 11:31 09-07-2016

                 

Новости

|< >|