Новости

Китепканага дүйнөлүк классикалык адабияттар белекке берилди

Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин чет тилдер жана маданият аралык коммуникациялар кафедрасында 7-июль күнү чоң саамалык болуп өттү.

Кафедрага келген быйылкы окуу жылы окууну аякташкан 5 ЛР-1-11 бүтүрүүчү тайпасынын студенти Муаззам Атаханованын апасы КРнын Билим берүүнө эмгек сиңирген мугалими өздүк китепканасынан ОшМУнун илимий китепканасына китептерди белекке берди. Китептердин катарын Теодор Драйзер, М.А. Булгаков, Вальтер Скотт, Лион Фейхтвангер, Алексей Толстой сыяктуу белгилүү дүйнөлүк классиктердин чыгармалары толуктаган.

Иш-чарага ата-энелерден сырткан факульттин деканы Г.Мадмарова, кафедра мүчөлөрү, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директорунун орун басары О. Көчөбаев, китепкананын жамааты дагы катышышты. Чет тилдер жана маданият аралык коммуникациялар кафедрасынын башчысы доцент С. Сейитбекова ар дайым уул-кыздарынын окууларына кайдыгер карабай, кафедра менен тыгыз байланышып келе жаткан ата-энелерге ыраазычылыгы билдирди. Эми бул адабияттар кийинки муундардын татыктуу билим алуусуна салым кошоорун белгиледи.

21058 15:22 07-07-2016

                 

Новости

|< >|