Новости

Маараке ээлерине сый көрсөтүлдү

Ош мамлекеттик университетинде көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаштарга таалим-тарбия берип келе жаткан бизнес жана менеджмент факультетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин доктору, профессор Эркайым Шарипованы жана орус филологиясы факультетинин орус жана салыштырма тил таануу кафедрасынын башчысы филология илимдеринин кандидаты, доцент Венера Суркееваны ОшМУнун ректору Каныбек Исаков кабыл алып, 50 жылдык мааракелери менен куттуктады.

Университетте үзүрлүү эмгектенип, жаштыгын, өмүрүн, ак эмгегин университетке, жаштарга билим берүүгө арнаган окутуучуларды куттуктаган окуу жай жетекчиси маараке ээлерине чыгармачылык эргүү, талыкпаган эмгек, бактылуу турмуш каалап ОшМУнун ардак грамотасы жана жамааттык келишимге ылайык акчалай сыйлык менен сыйлады.

18937 11:41 28-06-2016

                 

Новости

|< >|