Новости

Студенттердин изденүүсүнөн жаралган «Экономикалык терминдердин кыргызча-орусча-англисче-түркчө түшүндүрмө сөздүгү» китеби жарык көрдү

Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин бүтүрүүчүлөрү Кушбак кызы Үмүт жана Каримова Акмаанайдын көптөгөн убакытты, чон эмгекти, изденүүнү талап кылган «Экономикалык терминдердин кыргызча-орусча-англисче-түркчө түшүндүрмө сөздүгү» китеби даяр болуп, жалпы Кыргызстандагы ЖОЖдордо жана атайын орто окуу жайларда экономика жаатында билим алып жаткан студентер үчүн арналган колдонмосу жарык көрдү. Бул китеп мазмуну боюнча экономика теориясынын актуалдуу терминдерин чечмелөөгө багытталган.

Китептин баш сөзүн КРнын экономика министри Арзыбек Кожошев жазса, ал эми китепти түзүүдө кеп-кеңешин берип, пикирин билдирген, китептин рецензенти ОшМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы э.и.к.,доцент Эрлан Камалов болгон.

“Негизи бул экономикалык терминдердин түшүндүрмө сөздүгүн түзүү идеясы 2-курсубузда пайда болгон эле. Анткени студенттин негизги милдети-бул мыкты билим алуу болуп эсептелет эмеспи. Мыкты билим алуу үчүн тандаган кесибиндин тилин мыкты өздөштүрүшүбүз керек. Жаныдан гана орто мектепти аяктап келгенибизде биз колдончу адабияттардын баары орус жана англис тилинде болчу, ал эми кыргыз тилинде терминдерди кезиктирүү кыйынга турчу. Ошондой кыйынчылыктарда бул китепти түзүү идеясын ишке ашыруу максатында болгону 2 гана тилде сөздүктү баштаган болсок, убакыт өтүп заман талабына ылайык анын ичинде Кыргызстандын экономикасы да дүйнө экономикасынын бүгүнкү абалына өтө тыгыз байланышканын эске алып, дүйнөдөгү экономикасы мыкты делген мамлекеттердин тили дүйнөлүк тилдердин бири болгон орус, англис жана түрк тилдерин да кошууну туура көрдүк. Ушул эмгекти жаратууда ар дайымкыдай бизге кеп –кенешин берип, колдоо корсоткон агайыбыз ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго терен ыраазычылык билдиребиз, анткени агайыбыз экономика жаатында билим алып жаткан студенттерди колдоо менен бул китепти чыгарууга чон салымын кошту”, -дейт китепти түзүүчүлөрдүн бири Кушбак кызы Үмүт.

Студенттердин изденүүсүнөн жаралган «Экономикалык терминдердин кыргызча-орусча-англисче-түркчө түшүндүрмө сөздүгү» китеби окурмандар үчүн эң пайдалуу китеп болот деген ишеничтебиз.

18220 11:03 28-06-2016

                 

Новости

|< >|