Новости

ОшМУда «Жылдын мыкты лектору», «Жылдын мыкты окутуучусу» аныкталды

ОшМУда салтка айланып жыл сайын уюштурулуп келе жаткан “ОшМУнун мыкты лектору”, “ОшМУнун мыкты окутуучусу” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

Аталган сынак жыл ичи уюштурулуп, конкурс 2 этап менен өткөрүлдү, 1-этабында сынакка катышкан 11 лектордун, 19 окутуучунун сабактарына атайын комиссия катышып, анализ жүргүзүлүп, баа берилген. Ал эми 2-этабында окуу-усулдук сынак болуп анда конкурска катышкан лекторлор, окутуучулар окуу-методикалык ишмердүүлүктөрүн көрсөтүп беришкен.

Мыктыларды сыйлоо аземи 27-июнь күнү ОшМУнун чоң жыйындар залында уюштурулуп, ага университеттин профессордук-окутуучулук курамы катышышты. Салтанатта ОшМУнун ректору К.А. Исаков 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча мыктынын мыктысы деп тандалып алынган финансы-юридикалык колледжинин физика-математика жана информациялык технологиялар кафедрасынын башчысы, доцент Гүлжамал Калдыбаевага “ОшМУнун мыкты лектору-2016” номинациясын, I даражадагы дипломун жана 15 миң сом акчалай сыйлыгын, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тилин жана адабиятын окутуу усулу кафедрасынын окутуучусу Жылдыз Камчиевага “ОшМУнун мыкты окутуучусу-2016” номинациясын, ОшМУнун I даражадагы дипломун жана 15 миң сом акчалай сыйлыгын тапшырды.

Ошондой эле “ОшМУнун мыкты лектору” сынагында 2-орунду ээлеген медицианылык колледждин сестралык иштин негиздери кафедрасынын окутуучусу Г.Сейитовага, чет тилдер факультетинин роман-гермен филологиясы кафедрасынын доценти Д.Суркеевага жана “ОшМУнун мыкты окутуучусу” сынагында 2-орунду алган мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Б.Апышевага, медицина факультетинин жалпы хирургия кафедрасынын окутуучусу С.Шүкүровго ОшМУнун II даражадагы дипломун жана 10 миң сом акчалай сыйлыгын тапшырды.

Ал эми “ОшМУнун мыкты лектору” сынагында 3-орунду ээлеген педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү борборунун педагогика кафедрасынын доценти М.Колдошовго, эл аралык медицина факультетинин клиникалык дициплиналар кафедрасынын окутуучусу Саед Али Аббас Рахатга жана “ОшМУнун мыкты окутуучусу” сынагында 3-орунга жетишкен медициналык колледждин табият таануу жана так илимдер кафедрасынын улук окутуучусу А.Сарымсаковага, чет тилдер факультетинин англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын улук окутуучусу Ч.Жээнбековага ОшМУнун III даражадагы дипломун жана 7 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгын жана сынакка активдүү катышкан 15 окутуучуга ОшМУнун Ардак грамоталарын тапшырды.

Аталган конкурс окутуучуларга стимул берүү максатында жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келет. Салтанаттуу кечени ОшМУнун таланттарынын концерттик программасы коштоду.

14032 10:54 28-06-2016

                 

Новости

|< >|