Новости

ОшМУнун магистратурасында магистердик диссертациялар корголду!!!



2016-жылдын 6-июнунан баштап ОшМУнун 13 факультетинде 389 магистрант мамлекеттик сынактарды тапшырышып, эки жыл бою даярдаган магистердик диссертацияларын коргошту.

Ар бир магистранттын даярдаган диссертациясы жетекчиси тарабынан кылдат текшерилип, алдын ала коргоодон өткөрүлгөндөн кийин гана коргоого уруксат алышкан. Мамлекеттик Аттестациялык Комиссиянын төрагалары жана мүчөлөрү, илимге жаңы салым кошо баштаган магистранттардын эмгектерин жогорку деңгээлде даярдалгандыгын айтышып, мындан аркы илимий иштерине ийгиликтерди каалашты.

Мамлекеттик экзаменди жана диссертациялык коргоону ийгиликтүү өткөн ОшМУнун 380 магистрантына “Магистр” академиялык даражасы ыйгарылды.
2915 16:33 27-06-2016

                 

Новости

|< >|