Новости

Пакистандагы “Билим берүүчүлүк” менчик мектебинин директору ОшМУда тажрыйбасы менен бөлүштү

Ош мамлекеттик университетинде Пакистандын Исламабад шаарындагы «Мектепке чейинки тарбия жана толук эмес орто билим берүүчү “Curiosity school” (“Билим берүүчүлүк”) менчик мектебинин иш тажрыйбасынан» аттуу окуу-методикалык семинар уюштурулду.

Семинарга ОшМУнун методикалык кеңештеринин башчылары, университеттин «Билим», «Ыйман» лицейлеринин мугалимдери, «Зирек» балдар бакчасынын директору, тарбиячылары катышышты.

Семинарда Пакистандагы “Билим берүүчүлүк” менчик мектебинин директору, ОшМУнун бүтүрүүчүсү Жамал Папиева аталган мектептин уюштурулушу, структурасы, жетекчилик иш аракеттери, материалдык базасы, китепканасы, мектептин негизги максаты, ата-энелер, өнөктөштөр менен иштөө сыяктуу маселерге токтолуп кеңири баяндап өттү. Аталган мектепте ар бир окуучунун өзүнүн жөндөмүнө, кызыгууларына жараша багыт берип окутулары айтылды. Буга мисал катары жаныбарлар дүйнөсүнө, ааламдын түзүлүшүнө кызыгуусу бар Пакистандан келген 4-класстын окуучусу Аблан семинардын катышуучуларынын англис тилиндеги жаныбарлар тууралуу суроолоруна кеңири баяндама берип өттү. Белгилей кетсек, Аблан жаныбарлар тууралуу атайын китепче да жазгандыгы маалымдалды. Ошондой эле Кыргызстандагы билим берүү системабыздан өзгөчөлөнүп жазуу ишинде балдар ручка эмес карандаш пайдаланары айтылып, бул балдардын өз катасынын үстүнөн иштөөсүнө мүмкүндүк берип, психикасына да оң таасир берээри белгиленди.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги менен тыгыз иш алып барып, Пакистандагы кыргыздар менен да иштешип келе жаткандыгын айткан Жамал Папиева башка өлкөлөрдөгү билим берүүгө тиешелүү алдынкы тажрыйбаларды үйрөнүп, аны өзү түптөгөн окуу процессине киргизүү багытында бир топ иштерди жасап келгендигин белгиледи.

Семинарга катышкан катышуучулар бир топ суроолоруна жооп алып, мындан ары да байланышып, иштөө усулдары менен кененирээк бөлүшүүсүн суранышты. Жамал Папиева ОшМУнун бүтүрүүчүсү, ОшМУнун чет тилдер факультетинде да эмгектенген, Пакистандын Ага-Хан университетинде магистратураны аяктап, аталган университетте да иштеген, учурда Пакистандын Исламабад шаарындагы «Мектепке чейинки тарбия жана толук эмес орто билим берүүчү “Curiosity school” (“Билим берүүчүлүк”) менчик мектебин түптөп, аны жетектеп келет.

15931 14:14 17-06-2016

                 

Новости

|< >|