Новости

Искусство факультети 1-эл аралык Этнофестивалда биринчи орунга ээ болду

2016-жылы 4-июнь күнү Ош шаарында Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын демилгеси менен өткөрүлгөн 1-эл аралык Этнофестивалда ОшМУнун Искусство факультетинин студенттери өздөрүнүн улуттук кийимдери менен 1-орунду багындырышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы маданият боюнча кеңешинин мүчөсү С.А.Раев студенттердин көрсөткөн ийгиликтери үчүн ДИПЛОМ менен сыйлады. Андан сырткары факультеттин окутуучусу З.Турдубаева 3-орунду багындырды.
3442 14:51 16-06-2016

                 

Новости

|< >|