Новости

ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүн 389 магистрант аяктады

ОшМУ үч баскычтуу билим берүүгө (бакалавриат, магистратура, PhD докторантура) укук алган республикадагы 2 мамлекеттик университеттин бири болуп эсептелет. Быйылкы жылы ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүн 26 багыт боюнча 389 бүтүрүүчү окууну ийгиликтүү аякташты.

Магистранттардын бүтүрүү кечеси ОшМУнун чоң жыйындар залында өткөрүлдү. Бүтүрүү салтанатында университеттин ректору Каныбек Исаков жалпы магистранттарды куттуктап, илим жолунда талыкпай эмгектенип, ийгиликтерди багындырууларын каалады жана окууну ийгиликтүү аяктап жаткан 138 магистрантка артыкчылык дипломун тастыктаган сертификаттарды тапшырды.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы 389 бүтүрүүчү окууну ийгиликтүү аяктап жатышса, магистартуранын 1-курсун 240 магистрант ийгиликтүү аякташты. Магистратурада жогорку окуу жайды жаңы гана бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдөн тартып улуу муундагы агай- эжекелерибиз да бар. Алардын ичинде мектеп мугалимдери жана директорлору, колледждердин, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары, банк кызматкерлери басымдуулук кылууда.

13982 11:41 16-06-2016

                 

Новости

|< >|