Новости

ОшМУнун жамааты Кыргызстандын Улуттук Чемпиондорун куттуктады

КРнын жогорку окуу жайларынын командалары катышкан "ENACTUS Кыргызстан–2016" Улуттук мелдешинде 2-жолу Кыргызстандын Улуттук Чемпиондугун жеңип алышкан ОшМУнун ENACTUS командасы ушул жылдын сентябрь айында Канаданын Торонто шаарында өтүүчү World Cup 2016 ENACTUS дүйнөлүк Кубогуна Кыргызстандын атынан катышууга жолдонмо алышты.

Минтип университеттин намысын коргоп, дүйнөлүк мелдештерге Кыргызстандын атынан катышууга экинчи ирет жолдонмо алышкан ENACTUS командасы университеттин Окумуштуулар Кеңешинде презентация жасашып, команданын университетте уюшулгандан тартып жетишкен ийгиликтери боюнча маалымат беришти.

Мындай сыймыктуу жеңиш менен келишкен команданы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин курамы ордунан туруп, кол чаап, сыймыктануу менен тосуп алышты. Буга чейин да команданы материалдык-моралдык жактан колдоп келе жаткан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков команданын эдвайзери Эрлан Камаловду жана команданын курамын куттуктап, дүйнөлүк мелдеште да Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келүүсүн каалады жана ОшМУ ар дайым колдоо көрсөтүп, дем-шык берээрин кошумчалады.

Белгилей кетсек, ОшМУнун SIFE – Enactus командасы 1998-жылдан тартып университетибиздин намысын регионалдык жана Улуттук SIFE мелдештеринде татыктуу коргоп келе жатат. Атап айтсак, команда 2001-жылы Улуттук SIFE мелдештеринде 2-орунду, 2003-жылы 2-орунду, 2004-жылы SIFE-Фергана мелдештеринде регионалдык Чемпиондукту, 2006-жылы Улуттук SIFE мелдештеринде 2-орунду, 2011-жылы Улуттук SIFE мелдештеринде 3-орунду жеңип алган. 2012-жылы ОшМУнун SIFE командасы Улуттук SIFE мелдештеринде 3-орунду ээлеп, АКШнын Вашингтон шаарында өткөн ENACTUS-2012 Дүйнөлүк Кубогуна байкоочу катары катышкан. 2013-жылы ОшМУнун ENACTUS командасы Улуттук ENACTUS мелдештеринде 2-орунду ээлеп Мексиканын Канкун шаарында өткөн ENACTUS-2013 Дүйнөлүк Кубогуна байкоочу катары катышып келишкен. Өзүнүн 18 жылдык тарыхында ОшМУнун ENACTUS командасы 2 жолу “SIFE идеясын мыкты таркаткан команда” номинациясына, 2 жолу “Мыкты инновациялык проект” номинациясына, “Мыкты экологиялык проект” номинациясына, 2 жолу “Мыкты социалдык проект” номинациясына, 3 жолу “Мыкты билим берүү проекти” номинациясына, 4 жолу “Мыкты бизнес проект” номинациясына, 2 жолу “Мыкты спикер” номинациясына жана 3 жолу “Мыкты эдвайзер” номинациясына татыктуу болушкан.

2014-жылы Ош МУнун ENACTUS командасы Улуттук ENACTUS мелдештеринде 1-орунду ээлеп, Улуттук Чемпион наамын алуу менен Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында 36 мамлекеттин жогорку окуу жайларынын ортосунда өткөн “ENACTUS–2014” Дүйнөлүк Кубогуна ийгиликтүү катышып келишкен.

15451 14:14 15-06-2016

                 

Новости

|< >|