Новости

ОшМУнун ректору жамаат менен жолугушууларды өткөрдү

Акыркы 5 жылда Ош мамлекеттик университетинде болгон өзгөрүүлөр, жасалган иштер, жетишкендиктер, саамалыктар жөнүндө маалымат берүү, коллектив менен ой бөлүшүү, сунуш-пикирлерди угуу максатында Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков университеттин бардык структураларындагы окутуучулар менен жолугушууларды өткөрдү.

Алгачкы жолугушуулар 24-май күнү башталып анда ректор окуу жайдын башкы корпусунда эл аралык медицина жана дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультеттеринин окутуучулары менен жана ушул эле күнү искусство факультетинин жана математика жана информациялык технологиялар факультеттеринин жамааттары менен өткөргөн. Ошол күндөн тартып университеттин бардык факультет, колледждери менен алардын катарында Өзгөн медицинылык колледжи, Арашан гуманитардык институтунун жамааттары менен да жолугушуп, пикир алышты.

Жолугушууда ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ОшМУга ректор болуп келгенден тартып 5 жыл аралыгындагы жүргүзүлгөн окуу иштерин уюштуруу, билимдин сапатын көтөрүү, илимий изилдөө, тарбия берүү, дистанттык окуу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, спорттук базаны өркүндөтүү, мектептер байланышын чыңдоо, эл аралык байланыштарды кеңейтүү, ОшМУнун масштабын кеңейтүү, финансылык потенциалын жакшыртуу, перспективасын бекемдөө, университеттин Модернизациялоо программасынын негизинде жасалган иштер тууралуу кеңири маалымат берип, бул ийгиликтерди жаратууда жамааттын ынтымагы эң негизги күч болуп келгендигин белгиледи.

Жолугушууга катышкан ар бир окутуучу 5 жыл аралыгындагы аткарылган иштерди көрүп-туюп тургандыктарын, мунун баары обьективдүү чындык экендигин, учурда ОшМУнун коом алдында кадыр-баркы артып, бардык тараптан өнүгүү болуп, жасалган бир топ иштер республикалык деңгээлде жайылтылып, үлгү болуп жаткандыгы ОшМУнун аброюнун жогорулап жаткандыгы, жасалып жаткан иштердин туура экендигин айгинеллеп тургандыгын белгилешти. Ошондой эле жамаат ректор К.Исаковдун жамаат алдында берип жаткан 5 жылдык иш аракеттердин жыйынтыгын эң жакшы деп баалай тургандыктарын билдиришти.

“ОшМУнун ректору катары менин бүгүнкү философиям – инсанга: адамдын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, жөндөм-шыгын реализациялоого, адамдардын көңүлүн көтөрүүгө, иштөө үчүн жана жашоо үчүн дем-шык берүүгө арналган десем жаңылышпайм. Ар бир адамдын жакшы жактарын көрүүгө, анын жакшылыгын өнүктүрүүгө, жаңыча ой жүгүртүп иштөөсүнө, көз карашын заман менен тең жарыша алып жүрүүсүнө багытталган десем аша чаппасам керек. Окутуучу менен студенттин дараметин көтөрүүгө, жылуу мамиле аркылуу алардын ортосундагы адамгерчилик мамилени өрчүтүүгө арналган”, -деди ректор Каныбек Исаков жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө. Жолугушуунун соңунда “Изденүү жолундагы ийгиликтүү 5 жыл” жана “Беш жылдагы күн баян” аталышындагы беш жыл аралыгындагы ОшМУдагы иш аракеттер камтылган китептер таркатылып берилди.

11341 11:17 14-06-2016

                 

Новости

|< >|