Жыйынды ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ачып берди жана конгресстин ишинин жемиштүү болуусун каалады. Пленардык жыйында КР УИАнын мүчө-кабарчысы, т.и.д., профессор А.А.Асанканов “Кыргыз Республикасынын жаңы улут саясаты (2010-жылдын кулжа айындагы каргашалуу окуялардан кийин)”, Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти Р.М. Рахимов “Борбордук Азиядагы билим саясаты”, Кыргыз улуттук университетинин профессору, т.и.д. Т.К.Чоротегин “Эс тутум жана тек: Кыргыз улутунун этностук тарыхын үйрөнүүдөгү жазма жана фольклордук булактардын ролу” деген темаларда баяндама жасашты.
Учурда конгресстин иши 16 секцияда улантылып анда иденттүүлүк жана диндин коомдогу орду, мамлекет жана дин, кыргыз коомундагы бийлик жана анын социалдык-тарыхый аспектиде өнүгүшү, этностордун рухий маданияты, үй-бүлө жана диндер, Кыргызстандагы этнодемографиялык процесстер, айлана чөйрөнүн антропологиясы, билим берүү жана улуттун түзүлүшү сыяктуу темаларда баяндамалар окулуп жатат.
Белгилей кетсек, жыйындын жүрүшүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков тарых илиминин өнүгүшүнө кошкон үлкөн салымы жана ОшМУ менен билим берүү, илим жаатында тыгыз байланышта иш алып барып келе жаткандыктары үчүн т.и.д., профессор Абдылабек Асанкановго, т.и.д., профессор Тынчтыкбек Чоротегинге жана т.и.д. Жээнбек Алымбаевге “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” төш белгисин тапшырды.