Новости

ОшМУнун "ENACTUS" командасы 2-жолу Кыргызстандын Улуттук Чемпиондугун жеңип алышты

КРнын жогорку окуу жайларынын командалары катышкан "ENACTUS Кыргызстан – 2016" Улуттук мелдешинде Ош мамлекеттик университетинин "ENACTUS" командасы 2-жолу Кыргызстандын Улуттук Чемпиондугун жеңип алышты жана 28-30-сентябрда Канаданын Торонто шаарында өтүүчү World Cup 2016 ENACTUS Эл аралык Кубогуна Кыргызстандын атынан катышууга жолдонмо алышты.

Чемпионатка катышкан командалар буга чейин турмушка ашырган бизнес-долбоорлорун Кыргызстандын алдынкы бизнес компанияларынын жетекчилеринен турган калыстардын алдында тааныштырып, коргоп беришти. ОшМУнун "ENACTUS" командасы буга чейин “Кийиз Brand”, “Оп майда”, “Конок-сервис”, “Тынчтыктын дарагы”, “Бактын ханышасы” сыяктуу бир топ алдынкы бизнес, социалдык жана экологиялык багыттагы долбоорлорду алып чыгышкан.

Бул мелдеш ар бир жогорку окуу жайдын интеллектуалдык, профессионалдык деңгээлин көрсөтө турган чыныгы жүз, чыныгы натыйжа болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2014-жылы ОшМУнун командасы өлкөбүздүн чемпионатында чемпион болуп дүйнөнүн 36 мамлекетинин чемпиондору катышкан Пекин шаарында өткөн World Cup 2014 ENACTUS Эл аралык Кубогуна Кыргызстандын атынан катышып ийгиликтерди жаратып келишкен.

Ал эми командага ар дайым дем, күч, шык берип келе жаткан ОшМУнун "ENACTUS" командасынын эдвайзери, ОшМунун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Эрлан Камалов “ЕNACTUS Кыргызстан – 2014" улуттук мелдешинде “Жылдын эдвайзери” номинациясын жеңип алган.

Аталган чемпионатта 2-орунду Кыргыз улуттук университети, 3-орунду Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, 4-орунду Борбордук Азиядагы Америка университетинин командалары ээлешти.

11908 19:54 12-06-2016

                 

Новости

|< >|