Новости

Эл аралык медицина факультетинде практиканын жыйынтыгы чыгарылды

Эл аралык медицина факультетинин студенттери өндүрүштүк практиканы шаардын поликлиникаларында жана клиникалык ооруканаларында ийгиликтүү өтөшүп, жыйынтыгында электрондук тест менен экзамен алынды. 20-май 2016-ж. 2-курстун студенттери медайымдын жардамчысы өндүрүштүк практикасынан электрондук экзамен тапшырышты. 21-май 2016-ж. 3-4 курстун студенттери тез жардам фельдшеринин көмөкчүсү жана ооруканада даарыгердин жардамчысы өндүрүштүк практикасынан электрондук тестирлоо тапшырышты. Практиканы жыйынтыктап 7-июнь күнү жыйынтыктоочу конференция болуп оттү. Ал конференцияга фаультеттин 2-3-4-курстун студенттери катышышты. Конференциянын жүрүшүндө практика өтөгөн студенттерден анкета алынды (сунуштар, пикирлер, кемчиликтер б.ча). Конференция факультеттин деканы Калматов Р.К жана өндүрүштүк практика боюнча декандын орун басары Исмаилов И.Д тарабынан уюштурулган.
4661 16:06 11-06-2016

                 

Новости

|< >|