Новости

ОшМУнун «Ыйман» гимназиясы алгачкы бүтүрүүчүлөрүн туурунан учурду

Ош мамлекеттик университетинин башка факультет, колледждери сыяктуу эле “Ыйман” гимназиясы да быйылкы окуу жылында алгачкы бүтүрүүчүлөрүн туурунан учурду. «Ыйман» гимназиясы 2013-жылдын сентябрь айында Туркия «Диянет» фонду, Туркия билим берүү министрлиги жана ОшМУ менен биргеликте ачылып, учурда жалпысынан 118 дилинде ыйманы бар, акылы тунук уул-кыздар билим алып келишет. Алардын ичинен 38 окуучу быйыл окууну ийгиликтүү аякташты. Акыркы конгуроо аземи ОшМУнун чон жыйындар залында жогорку денгээлде уюштурулуп, гимназияны аяктап жаткан окуучулар ата-энелеринин коштоосунда келишти.

Салтанаттын жүрүшүндө “Ыйман” гимназиясынын Түркия тараптан директору Абдулкадир Балды ОшМУнун Ардак грамотасы менен сыйланды, ошондой эле окууну ийгиликтүү аяктап жаткан Алиев Иляс, Манас уулу Алтынбек, Арстанбек кызы Айжамалга да ОшМУнун Ардак грамотасы тапшырылды.

“Быйылкы алгачкы бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 5 окуучу Тянь-Шань уулу Акназар-архитектура, Манас уулу Алтынбек-теология, Ахмедова Раиса-эл аралык мамилелер, Абдибаап кызы Гүлбурал-теология, Калдарбек кызы Элзада-теология багыттары боюнча билим алууга укук алышты. Мындай ийгиликтүү окуучуларыбыз арбын, алардын келечекте мыкты, кесипкөй адис болуп чыгууларына ак жол каалаймын”, - деди “Ыйман” гимназиясынын директору Жеңиш Элболдуев.

18239 10:40 10-06-2016

                 

Новости

|< >|