Новости

ОшМУда «Жогорку билим жана бизнес» аталышындагы студенттердин бизнес форуму болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинде Enactus глобалдык уюму тарабынан уюштурулган «Жогорку билим жана бизнес» аталышындагы студенттердин бизнес форуму болуп өтүп, ага Ош шаарындагы бардык жогорку окуу жайлардан атайын өкүлдөр, студенттер, бизнес өкүлдөрү катышышты.

Форумда Айбек Жангазиев сыяктуу ийгиликтүү бизнесмендер жана “Мөл булак финанстын” башкы директору Бабур Тольбаевдер ийгилик сырлары менен бөлүшүштү.Ал эми ОшМУнун Enactus командасы 1999-жылдан берки жетишкендиктери, ишке ашырган ийгиликтүү долбоорлору боюнча презентация жасашты.

«Аталган форум расмий эмес өнөктөштөр менен жолугуп, ар түрдүү идеяларды талкуулоого шарт түзөт. Башкы максатыбыз бизнес лидерлеринин студенттер менен бизнес тажрыйба алмашуу, ой пикир бөлүшүү жана өз ара маалымат алмашуу үчүн пайдубалын түзүү болуп саналат. Enactus глобалдык уюму жаш лидер менен алдыңкы бизнесмендердин, активдүү мугалимдердин башын бириктирип келет. Атайын долбоордун үстүндө иштөөдө студенттер шаардагы жана аймактагы экономикалык жагдайды үйрөнүп, бизнес идеяларды алдыга салып, жашоо-шартты жакшыртуу жана бизнес идеясын ишке ашырууга, команда менен иштөөнү жана лидерлик сапатты үйрөнүшөт», -деди Enactus Кыргызстан уюмунун аткаруучу директору Гульбарчын Суюнова.

Форумдун жүрүшүндө Гульбарчын Суюнова ОшМУнун Enactus командасынын өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп, ар дайым колдоо көрсөтүп келе жаткан ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго Enactus глобалдык уюмунун атынан ыраазычылык баракчасын тапшырды. Ошондой эле форумга катышып, мындан ары ушундай командаларды түзүүгө кызыктар болуп келген Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө ыраазычык баракчаларын тапшырды.

Белгилей кетсек, Ош МУнун ENACTUS командасы Кыргызстандын “ENACTUS 2014 Улуттук Чемпиондугун” жеңип алышкан. Жеңишке жетишкен Ош мамлекеттик университетинин командасы дүйнөнүн 36 мамлекетинин чемпиондору катышкан Пекин шаарында өткөн World Cup 2014 ENACTUS Эл аралык Кубогуна Кыргызстандын атынан катышып келген.

13828 16:20 06-06-2016

                 

Новости

|< >|