Новости

Юбилейлик мааракелерин белгилеп жаткан окутуучулар сыйланды

Ош мамлекеттик университетинин ректораты жана профсоюз уюму тарабынан жамаатта эмгектенген окутуучуларга, кызматкерлерге, студенттерге социалдык жактан ар дайым кам көрүлүп, сый-урмат көрсөтүлүп турат.

Бул жаатта университетте көп жыл үзүрлүү эмгектенип, жаштарга таалим-тарбия берип келе жаткан окутуучуларды, кызматкерлерди мааракелери менен куттуктап келет.

Университетте үзүрлүү эмгектенип, жаштыгын, өмүрүн, ак эмгегин университетке арнап учурда юбилейлик мааракесин белгилеп жатышкан элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана хорду дрижерлөө кафедрасынын доценти, дрижерлөө секциясынын башчысы Канышайым Сагынбаева, улук окутуучу Айткан Инамбекова, комузчулар ансамблинин көркөм жетекчиси Жаңылбү Атабаеваны, педагогика жана психология борборунун улук окутуучусу Акбермет Эгембердиеваны жана чет тилдер факультетинин америка жана котормо таануу кафедрасынын улук окутуучусу Гулмира Жээнбековаларды ОшМУнун ректору Каныбек Исаков кабыл алып, мааракелери менен куттуктап ОшМУнун ардак грамотасы жана бир айлык өлчөмүндөгү сыйлык менен сыйлады.

11863 10:30 06-06-2016

                 

Новости

|< >|