Новости

Өзгөн медициналык колледжинде 3-июнь күнү бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу аземи болуп өттү

2016-жылыдн 3-июнунда15 жыл аралыгында Өзгөн медициналык колледжин бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Өзгөн медициналык колледжинин директору Стамбаев Өзгөнбай, ОшМУнун карьера борборунун жетекчиси Жакыпова Гулмира, окутуучулук курам жана бүтүрүүчү студенттер да катышышты. Кечени башталышында колледждин директоруна сөз берилип, ал өз сөзүндө бүгүнкү күндө колледждин жетишкен ийгиликтери жөнүндө бүтүрүүчүлөргө кыскача баяндап берди. Андан соң ОшМУнун карьера борборунун жетекчиси сөзгө чыгып, 15 жыл ичиндеги бүтүрүүчүлөрдү жолугушуу күндөрү менен куттуктап, бүтүрүүчүлөр ассоциациясы жөнүндө маалымат берип кетти. Ошондой эле ОшМУ жана 15 жылды камтыган колледждин видеоролиги көрсөтүлдү. Андан соң бүтүрүүчүлөрдүн өкүлдөрүнө сөз берилип, алар өз сөзүндө талыкбай жаш муундарга билимин, жаштыгын, саламаттыкты сактоо тармагына өмүрүн арнаган устаттарына ыраазычылыктарын билдиришти
3931 15:01 04-06-2016

                 

Новости

|< >|