Новости

Ардактуу эс алууга узатышты

Илимий китепкананыны китепканачысы Турдубаева Алима Жалиевнаны китепкана жамааты ардактуу эс алууга узатышты. Көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алуу менен окуу жайыбыздын ректораты тарабынан берилген "Ардак грамота" жана акчалай сыйлыкты илимий китепкананын директору Мамбетова Сайраш Сатындиевна тапшырды. Китепкананын профсоюз уюмунун төрайымы Арзибаева Динара,улуу эжелер Касымалиева Токтокан, Мураталиева Күлүмбюбю жана Раева Бүсадакан куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтышты.Жалпы китепканачылардын атынан белектер берилди.
5514 09:39 01-06-2016

                 

Новости

|< >|