Новости

Медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу аземи уюштурулду

20-май 17-жыл аралыгында медицина факультеттин бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу аземи болуп өттү. Жолугушууну “Ички оорулар №2” кафедрасынын башчысы Садыкова А. А. тарабынан уюштурулуп Ош шаарында саламаттык сактоо жана ар түрдүү тармактарда иштеп жаткан 300 дөн ашуун бүтүрүүчү катышты. Алгач бүтүрүүчүлөрдү нан ооз тийгизип тосуп алып, катоодон өткөрүп, сурамжылоо баракчасы, резюме таратылып, аземдин төш белгиси тагылды. Кечеге ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы, доцент А.А. Аккулов, ОшМУнун сапат департаментинин башчысы,профессор М.А. Алтыбаева, Ош облустук жана шаардык саламаттык сактоонун координаторунун орун басары Ш.М.Кожобекова, Ош облустар аралык бириккен клиникалык оруканасынын директору, профессор Ш.А.Сулайманов жана медицина факультетинин өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар факультеттин деканы, профессор М.А. Арстанбеков, профессор К.А. Атаханов, доцент Т.Ш. Шайназаров , профессор Ж.Ж.Жээнбаев, профессор И.Т. Тайчиев, доцент З.А. Нуруева, Ж.А. Уметова жана кафедра башчылары, мугалимдер катышып, 22-жыл аралыгында медицина факультетинин басып өткөн жолу, тарыхы, факультетти түптөөдө болгон кыйынчылыктарга кеңири токтолуп, факультеттин тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жолугушуу аземи менен бүтүрүүчүлөрдү куттукташты. Ошондой эле ОшМУ жана 22-жылды камтыган медицина факультетинин видеоролиги көрсөтүлдү. Андан соң бүтүрүүчүлөрдөн өкүлдөрүнө сөз берилип, алар өз сөзүндө талыкбай жаш муундарга билимин, жаштыгын, саламаттык сактоо тармагына өмүрүн арнаган устаттарына ыраазычылыктарын билдиришип, факультеттин деканы, профессор М.А.Арстанбековго жана ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковго “Ыраазычылык кат” тапшырышты. А.А. Садыкова бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын алдын ала жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан жобо менен тааныштырып, талкууга коюп, толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн негизинде бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын жобосу кабыл алынды. Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын кеңешинин аткаруучу комитетин түзүү үчүн ар бир окуу жылдын бүтүрүүчүсүнөн бирден өкүл сунушталып, бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын кеңешинин аткаруучу комитетинин төрагасы ачык шайлоонун негизинде Абдуллаев Азамат шайланды. Бул иш чараны салтка айлантуу, кийинки жылда бүтүрүүчүлөрдүн 15 жана 10 жылдык жолугушуусун өткөрүү максатында эстафета катары “ Бүтүрүүчүлөрдөн кубогу” жана “Китеби” тапшырылды. Бул иш чаранын негизги максаты биздин бүтүрүүчүлөрдүн жумуш оорду менен камсыз болуусу жана медицина факультетинен алган билимин балоосун анализдөө, бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын түзүү, университет менен тыгыз байланышты күчөтүү деп кошумчалай кетти жолугушуунун уюштуруусучу А.А. Садыкова Жолугушуунун аягында бүтүрүүчүлөр үчүн фотосессия, экскурсия жана кофе брейк уюштурулду.
4476 15:17 30-05-2016

                 

Новости

|< >|