Новости

Белгилүү журналист С.Жумагуловдун “Журналистикага жол” китебинин бет ачар аземи ОшМУда уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде белгилүү журналист, көптөгөн жаш журналисттердин устаты Султан Жумагуловдун "Журналистикага жол" китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Кечеге Жогорку Кеңештин депутаттары, Жалал-Абад, Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ОшМУда журналистика адистигинде билим алып жаткан студенттер катышты.

Аталган кечеге катышкан ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Тасилкан Жумабаева кечени ачып берди жана бул китеп журналистикадагы жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү арттырган китеп болуусун каалады.

Ошондой эле салтанатка катышкан ЖКнын депутаттары А. Нурбаев, У. Примовдор да куттуктоо сөздөрүн айтышты. Кеченин жүрүшүндө саамалыкка катышкан бардык катышуучуларга, Жалал-Абаддан, Баткенден келген өкүлдөргө, Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, жогорку окуу жайларына С.Жумагуловдун “Журналистикага жол” окуу китеби акысыз таркатылып берилди. “Жаш журналисттер үчүн өзгөчө окуу куралы болгон “Журналистикага жол” аттуу китебимдин экинчи чыгарылышына ОшМУнун ректору Каныбек Исаков көмөк көрсөтүп, Ош, Жалал-Абад, Баткен обулусундагы жаш журналисттерге акысыз таралуусуна демилгечи болду, мындай билимди баалаган Каныбек Исаковго ыраазычылыгымды билдирем.

Журналистика бул өзгөчө кесип, журналистика илиминин негизги максаты –адамга жакшылык кылуу, жол көрсөтүү болуп саналат. Бул китепте журналисттер үчүн эң зарыл болгон негизги темалар камтылып, эл аралык журналистикага негизделип жөнөкөй тил менен жазылды жана мында журналисттик этика боюнча маалыматтар да камтылган”, -деди Султан Жумагулов. Кеченин соңунда бардык кеченин катышуучулары үчүн таратылган китептерге автор кол тамгасын калтырып, каалоосун жазып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Эске сала кетсек, бул саамалыкты уюштурууга ЭлТР МТРКсынын продюссери Тургунбай Алдакулов жана ОшМУнун журналистика бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Мапаевалар салымын кошушту.

10529 12:12 30-05-2016

                 

Новости

|< >|