3 күн аралыгында өткөрүлгөн семинардын күн тартибинде НББПнын жаңы структурасы, максаты, күтүлүүчү натыйжалары (1-күнү), 1-курса тиешелүү интеграцияланган жана проблемага багытталган окуу планы, модулдук программа, семестрдик план жана болжолдуу сабактар жадыбалы (2-күнү), 2-3 - курстардын модулдарын ишке ашыруудагы милдеттер, перспективалар (3-күнү) сыяктуу өзөктүү маселелер талкууга алынды.
Иш-чаранын жыйынтыгында ушул өңүттөгү семинарларды уюштуруу маанилүү экендиги белгиленип, кийинки этабында контролдук-текшерүү жана билимди баалоо багытында аткарылуучу иштердин болжолдуу убактылары сунушталып, жалпы катышуучулар тарабынан колдоого алынды.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара «MER» долбоорунун, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин жана ОшМУнун ректоратынын колдоолору аркылуу ишке ашырылды.