Фестивалга аталган университеттердин ректорлору баштаган жамаат катышып жатышат. Бүгүн фестивалдын алгачкы күнү Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынан келген фестивалдын катышуучуларынын таланттары тартууланды. Жобого ылайык мында командалар окуган окуу жайын жана Кыргызстанды даңазалоо багытындагы «Саламдашуу», “Видеоролик”, “Фольклордук-этнографиялык таланттар”, «Күч сыноо”, “Поэзия”, “Бий”, “Куудулдук өнөр”, “Студенттик серенада” шарттарында өз таланттарын көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн алкышына ээ болушту.
Ушул эле фестивалдын 2-бөлүгү эртен 21-май күнү уланып, анда Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Ош гуманитардык-педагогикалык институту, Ош мамлекеттик университетинин таланттары чыгармачылык шык-жөндөмдөрүн даңазалашат.
Аталган фестиваль КРнын эл артисти, белгилүү обончу, аткаруучу, дастанчы Жолболду Алыбаев башында турган калыстар тобунун сынынан өтүп жатат, эки күндүн жыйынтыгы менен мыкты деп тандалып алынган командалардын номерлери эртең 21-май күнү саат 19-30 башталган ОшМУнун башкы имаратынын алдында гала-концертте коюлуп, мыктылар сыйланат. Ошондой эле республикалык ЖОЖдор арасында педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди, жаш окумуштууларды, тажрыйбалуу профессорлорду алмашып ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча түзүлгөн “Ош декларациясына” кол коюу аземи өткөрүлөт. Фестивалдын катышуучулары ОшМУга жана Ош шаарынын тарыхый жайларына саякатка да чыгышат.
“Достук фестивалынын негизги максаты республикалык ЖОЖдор арасында педагогикалык тажрыйба алмашуу, ЖОЖдор арасында ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, студент-жаштарды мекенчилдикке (патриоттуулукка) тарбиялоо, студенттер арасында аймактык достукту бекемдөө жана аларды Ош шаарынын тарыхый-маданий жайлары менен тааныштыруу, улуттук өнөрлөрдү жаштар арасында өнүктүрүү болуп саналат”, -деди ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков.