Новости

“ОшМУнун ачык асман алдындагы китепканасы” ачылды

ОшМУда Тарых жана маданият жылына карата “ОшМУда китеп түнү” жана “ОшМУнун ачык асман алдындагы китепканасынын” ачылуу аземи болуп өттү.

Алгач ОшМУнун илимий китепканасынын жалпы жамааты тарабынан ОшМУнун имаратынын оң тарабына дүйнөлүк жана кыргыз көркөм адабияттарынын көргөзмөсү, сол тарабына кыргыздын улуттук тамак-аштарынын көргөзмөсү уюштурулуп жалпы көрүүчүлөрдүн назарына тартууланды.

ОшМУда биринчи жолу ачылып жаткан “ОшМУнун ачык асман алдындагы китепканасынын” ачылуу аземинде ОшМУнун ректору Каныбек Исаков башында турган жалпы жамаат өздүк китепканаларынан алып келген китептерин ачык асман алдында ачылып жаткан китепканага белекке берип, жалпы студенттерди, окутуучуларды китеп окууга, китепти сүйүүгө чакырып, китеп менен дос болууга үндөдү. Ошондой эле бул саамалык биздин жашообуздун образына айланса деген тилектерин билдиришти. Эми мындан ары бул текчелерге коюлган китептер дайым китеп окуйм, китеп менен достошом, дүйнө таанымымды кеңейтем деген инсандар үчүн кызмат кыла бермекчи. Бул саамалыкка университеттин жамаатынан сырткары Ош облустук Т.Сатылганов атындагы китепкананын директору Б.Мурзаева да катышып, өзүнүн алып келген китептерин белек кылды.

“Иш чаранын негизги максаты студенттерди, жаштарды китеп окууга кызыктыруу, китеп окуу маданиятын калыптандыруу, китептин таасирдүүлүгүн баалоо, жайкы каникулду көркөм адабият окуу менен өткөзүүсүнө шарт түзүү, көркөм адабияттар аркылуу студент-жаштардын ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын, рухий маданиятын өстүрүү жана гуманизмге тарбиялоо болуп саналат. Ошондой эле бүгүн ОшМУнун “Эң мыкты окурмандар тайпасы” адабий сынагынын жыйынтыгы да чыгарылып жатат”, - деди тарбия департаментинин директору З.Божонов.

Кеченин кийинки бөлүгүн ОшМУнун жыйындар залында белгилүү жана жаш акындардын поэзия кечеси уланды. Кечеде белгилүү акын, жазуучулар Зинакан Пасанова, Маматибраим Жаныбеков, акын Улукбек Омокеев жетектеген “Жигер” чыгармачылык борборунун сүйүү, заман темасындагы ыргактары тартууланып, поэзия күйөрмандарынын жан дүйнөсүнөн орун алды. Бул кечеде ОшМУнун ректору Каныбек Исаков да өзүнүн "Таарыныч", "Турмуш-базар" ырын окуп берди.

Ушул эле кечеде жалпы көрүүчүлөргө ОшМУнун студенттик театры тарабынан даярдалган “Кымбаттуу, Зейне Белековна” аттуу спектаклинин премьерасы жана “Көпөлөк” көркөм фильми тартууланды.

Эске сала кетсек, кеченин жүрүшүндө 20-21-май кундөрү республикалык «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аталышындагы ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалына катышуу үчүн Ысык-Көл, Талас, Нарын мамлекеттик университеттеринен келген катышуучуларда келип кошулушту.

22441 21:52 19-05-2016

                 

Новости

|< >|