Новости

ОшМУда 20-21-май кундөрү республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалы өткөрүлөт

20-21-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинде Ысык-Көл, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Ош мамлекеттик университеттеринин, ОГПИнин катышуусунда «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу таланттуу студенттердин достук фестивалы өткөрүлөт.

20-май күнү Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынан келген фестивалдын катышуучуларынын, 21-май күнү Жалал-Абад, Баткен облустарынан жана ОшМУ, ОГПИден келген фестивалдын катышуучуларынын программалары тартууланат. Фестивалдын катышуучулары ОшМУга жана Ош шаарынын тарыхый жайларына саякатка да чыгышат.

Достук фестивалынын негизги максаты республикалык ЖОЖдор арасында педагогикалык тажрыйба алмашуу, ЖОЖдор арасында ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, студент-жаштарды мекенчилдикке (патриоттуулукка) тарбиялоо, студенттер арасында аймактык достукту бекемдөө жана аларды Ош шаарынын тарыхый-маданий жайлары менен тааныштыруу, улуттук өнөрлөрдү жаштар арасында өнүктүрүү болуп саналат.

20886 15:49 19-05-2016

                 

Новости

|< >|