Новости

«Кыргыз тили» окуу китебинин бет ачар кечеси болуп өттү

Бүгүн, 19-май күнү ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин мамлекеттик тил кафедрасынын улук окутуучусу, мамлекеттик тил борборунун жетекчиси Бактыгүл Байтикованын жана анын шакирттери Гүлзар Мамадыева, Нурила Темирова менен бирдикте жазылган "Кыргыз тили" окуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Кече “Кыргыз тили”окуу китебинин жазылуу түйшүгүн, маани-маңызын камтыган видео-баян менен башталып, орус филологиясында, медицина факультеттердинде билим алып жаткан студенттердин, Ош шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназиянын окуучуларынын кыргыз тилин даңазалаган ырларынын, Б.Байтикованын калеминен жаралган чыгармалардын көркөм окуусу менен биргеликте ыр-бийлер менен коштолду. Өзгөчө орус филологиясынын лингвистика адистигинде билим алып жаткан студенттери окутуучуларга кыргыз тили предметинен практикалык сабак өткөндүгү кеченин катышуучуларынын кызыгуусун жаратты. Ошондой эле кече авторлорго берилген суроо-жооптор менен коштолду.

Соңунда ОшМУнун кадрлар башкармалыгынын башчысы Г.Турдубаева, физика техника факультетинин деканы М.Өскөнбаев, орус филологиясы факультетинин деканы Г.Мадмарова, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы С.Момуналиев жана бир топ коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек,улук окутуучу Б.Байтикова жана окутуучулар Г. Мамадыева, Н. Темировалар тарабынан иштелип чыккан улантуучу жана кыргыз тайпалары үчүн “Кыргыз тили” окуу китеби республикалык “Мыкты усулчу” сынагында баш байгеге ээ болгон. Кеченин жүрүшүндө авторлор аталган окуу китебинин экинчи бөлүгү жазылып жатканкандыктарын маалымдашты.

21162 15:25 19-05-2016

                 

Новости

|< >|