Новости

Акушерство жана гинекология кафедрасы тарабынан илимий практикалык театралдаштырылган конференция өткөрүлдү

ОшМУнун медицина факультетинин “Акушерстова жана гинекология” кафедрасынын окутуучусу Субанова Аида Иманкуловна тарабынан 2016-жыл Тарых жана маданият жылына карата илимий практикалык театралдаштырылган конференция өткөрүлдү. Конференцияга даарылоо иши адистигинин 4-курстары катышып, баланын бойго бүтүүсүнөн баштап төрөлүүсүнө чейинки процедуралар сахнада чагылдырылды.

Аталган иш чара Акушертво жана гинекеолгия кафедрасында, Ош областтык төрөт үйүнүн базасында жыйынтыктоочу бөлүгү Эл аралык медицина факультетинин конференциялык залында өткөрүлдү.

Акушерство жана гинекология кафедрасынын башчысы, доцент Ж.А. Уметова уюштуруучуларды жана катышуучуларды куттуктап жатып, мындай конференциялар кафедра тарабынан ар жыл сайын өткөрүлүп келет, студенттер арасында сабакка болгон чоң кызыгууну пайда кылып жана ар тараптуу колдоого ээ болуп бараткандыгына токтолду.

Эскерте кетсек: Бул иш чара ЭлТР телеканалынанда көрсөтүлдү. Маалыматты даярдаган жана жооптуу: Алимбек к А.

5228 11:14 18-05-2016

                 

Новости

|< >|