Новости

СПОРТТУК СПАРТАКИАДА:

ОшМУнун командасы үчүнчү жолу чемпиондукту коргоп калды

Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун Ош областтык комитети тарабынан областагы райондор, шаарлар жана ЖОЖдор аралык жыл сайын уюштурулган жана жагымдуу салтка айланып калган билим, илим кызматкерлери арасындагы областтык, кезекетеги “Ден-соолук-2016” спартакиадасы ушул жылдын 13-14-май күндөрү Ош гуманитардык-педигогикалык институтунун спорттук базасында өткөрүлдү.

Бул спартакиаданын жыйынтыгында ОшМУнун командасы быйыл да жакшы даярдык менен келгендигин көрсөтүп, ушуну менен үчүнчү жолу чемпиондукту коргоп калды. Команда шахмат (аялдар 1-орун, эркекетер 2-орун), волейбол (аялдар 1-орунду, эркекетер 3-орун), стол тенниси (аялдар 1-орун), ордо 2-орун, тогуз коргоол (аялдар 2-орун) ж.б. оюндардын түрлөрү боюнча алдыңкы орундарды камсыз кылып, спартакиадага катышкан 15 команданын ичинен жалпы командалык эсепте эң көп упай топтоп, 1-орунга ээ болуп, уюштуруу комитетинин башкы кубогу, дипломдор, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасынын орун басары, тармактык профсоюздун Ош областтык комитетинин жана ушул спартакиаданын уюштуруу комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып, бул спартакиада жыл өткөн сайын тармактын кызматкерлеринин арасында чоң кызыгууну пайда кылып жана ар тараптуу колдоого ээ болуп бараткандыгына токтолду. Ал өз сөзүндө мындай иш-чаралар профсоюз мүчөлөрүнүн арасындагы спортту жана ден-соолукту чыңдоону пропагандалоо, ал аркылуу региондор, же жамааттар арасында эле эмес, кызматкерлер арасында да жакындыкты, биримдикти жана ынтымакты камсыз кылуу негизги максат экендигин белгиледи.

20940 15:58 17-05-2016

                 

Новости

|< >|