Новости

Медицина факультетинде студенттердин XXI илимий практикалык конференция өткөрүлдү

2016-жылдын 10-май күнү ОшМУнун илим жумалыгынын алкагында медицина факультетинде маркум Каримова И.К. жаркын элесине арналган XXI студенттик конференция өттү. Конференцияга кафедра башчылары, илимий жетекчилер, Илим жана аспиратура бөлүмүнүн башчысы доцент, Анарбаева Г.М.,структуралардын жетекчилери катышты.

Алгач факультеттин деканы, профессор М.А. Арстанбеков, профессор Ж.К. Камалов,профессор Г. Белов. доцент Ж.А. Уметова, доцент У.Б. Шерматова, Г.С. Ташиева, доцент Ш.Дж. Айтиевалар сөз сүйлөп, студенттер тарабынан И.К. Кримованын өмүр таржымалынан баяндама жасалды.

Конференция 3 секцияга бөлүнүп иштеп жалпысынан 43 илимий баяндама болду.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча XXI студенттик илимий конференциянын резолюциясы кабыл алынып, илимий баяндамалар үчүн I, II, III даражадагы дипломдор ар бир катышуучуга сертификаттар жана конференциянын активдүү катышкандарга “Ардак Громаталар” тапшырылды.

Эскерте кетсек: Бул конференция декандын илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары Шерматова У.Б. жана СНО тарабынан уюштурулду.

4653 10:47 17-05-2016

                 

Новости

|< >|