Новости

“ОшМУ - боёктордо” аттуу сүрөт сынагына жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды

Тарых жана маданият жылына карата март-апрель айларында ОшМУда “ОшМУ - боёктордо” аттуу көркөм искусство жаатында сүрөт сынагы уюштурулду. Жобого ылайык сынакка ОшМУнун жалпы студенттери жана мугалимдери ар түрдүү жанрда жана техникадагы көркөм сүрөт чыгармалары живопись, графика, скульптура жана декоративдик колдонмо өнөрлөрү менен катышышты. Сынактын шарттарына ылайык ар бир эмгек ОшМУнун башкы иамаратында жалпы көрүүчүлөргө тартууланып, университеттин окуу иштери боюнча проректору А.Абдувалиев башында турган калыстардын сынынан өттү.

Сынактын жыйынтында 13-май күнү атайын жыйын уюштурулуп, жеңүүчүлөр ОшМУнун ректору К.Исаковдун колунан сыйлыктарга ээ болушту. Искусство факультетинин сүрөт чийүү жана эмгек кафедрасынын доценттери М.Эшбаев жана А.Мариповдун «ОшМУда билим майрамы» сүрөтү «Эң мыкты живопись» номинациясынын диплому жана 5000 сом акчалай сыйлык, ушул эле кафедранын окутуучусу И.Урманов «ОшМУ» сүрөтү үчүн «Эң мыкты графика» номинациясынын диплому жана 5000 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, аталган кафедранын улук окутуучусу К.Төрөгелдиева «ОшМУга арноо» панносу үчүн «Эң мыкты декоративдик колдонмо өнөр чыгармалары» номинациясынын диплому жана 5000 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, улук окутуучу У.Тешебаев «ОшМУнун кампусу сүрөтү үчүн» «Эң өзгөчө көркөм сүрөт чыгармасы» номинациясынын диплому жана 5000 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, окутуучу М.Мамытов «Таң сүрөтү» үчүн атайын диплом жана 1250 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, доцент Т.Жумакулов «Скульптура» үчүн атайын диплом жана 1250 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ал эми студенттер ортосунда ХС-3-13 тайпасынын студенти Эгемберди кызы Ырыскан «Эң мыкты живопись», ДК-2-12 тайпасынын студенти Ж.Орозова «Эң мыкты графика», ДК-2-12 тайпасынын студенти Болотбек кызы Нурпери «Эң мыкты декоративдик колдонмо» номинациясынын дипломдору жана 3750 сом акчалай сыйлык, ИЗО-1-14 тайпасынын студенти А.Самикулова «Эң өзгөчө көркөм сүрөт чыгармасы», физика-техника факультетинин студенти М.Юнусов «ОшМУнун имараты» макети үчүн, ИЗО-1-14 тайпасынын студенти К.Мамараимов «ОшМУ-Оштун көркү» сүрөтү үчүн, ИЗО-1-14 тайпасынын студенти А.Турдубаева «ОшМУ» чыгармасы үчүн, ДК-2-12 тайпасынын студенти Эльнура Кушубакова «Кампус» графикасы үчүн, ИЗО-1-13 тайпасынын студенти Латип уулу Бегзат «Медфак», графикасы үчүн, ИЗО-1-13 тайпасынын студенти Акматали уулу Сагынбай «ОшМУ» паносу үчүн, МИТ факультетинин студенти Садыкбек уулу Жоомарт жана КФжЖ факультетинин студенти Садыкбек кызы Жумакан «ОшМУнун эс алуу аймагы» макети үчүн атайын диплом жана 1250 сом акчалай сыйлыктары менен сыйланды.

Сынак студенттердин жана мугалимдердин көркөм сүрөткө чыгармачыл ой жүгүртүүсүн арттыруу, чеберчилигин жогорулатуу, ОшМУнун бүгүнкү мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоо, сүрөткө болгон кызыгууну жогорулатуу, көркөм табитти арттыруу, эстетикалык кооздукка көңүл буруу, таланттууларга стимул берүү, коомчулукка алардын таланттарын тартуулоону максат кылып уюштурулгандыгын окуу жайдын ректору К.Исаков белгиледи, ошол эле учурда бул маданиятты элге сиңирүү керектигин жана өзү да чыгармачыл инсандарды колдоо максатында бул көргөзмөдөн эмгектерди жеке коллекциясына сатып алаарын белгиледи жана башкаларга да сунуш кылаарын айтты.

Сынакта көркөм сүрөт чыгармасынын өзгөчө-кайталангыс композициялык чечмелениши, өң-түстүн, колориттин берилиши, аткаруу ыкмасынын өзгөчөлүгү, өзгөчө материалдын колдонулушу, сапаттуу көркөм эстетикалык жасалгалоосуна баа берилди.

20679 15:46 16-05-2016

                 

Новости

|< >|