Новости

"ОшМУ боектордо" аттуу сүрөт конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

13-май күнү ОшМУнун чоң залында "ОшМУ боектордо" аттуу сүрөт, дизайн, кол өнөрчүлүк, скульптура боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, эң мыкты деп эсептелген чыгармаларга ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Абдуваситович өзү сөз сүйлөп, каалоо -тилектерин айтуу менен жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул иш чара 2016-жыл Тарых жана маданият жылына карата искусство чеберлеринин эмгектерин баалоо жана маданиятты өнүктүрүү максатында уюштурулган. Аягында ректор окутуучуларды жана студенттерди колдоо максатында алардын кээ бир эмгектерин университеттин фондуна сатып алды.
3946 08:47 14-05-2016

                 

Новости

|< >|