Новости

ОшМУда ачык асман алдындагы 5 тренажердук аянтчалар ачылды

Ош мамлекеттик университетине билим берүү, инфраструктура, спорт, маданият, искусство, саламаттыкты сактоо, тарбия берүү жаатында заманбап талаптарга негизделген, акыркы үлгүдөгү дүйнөлүк билим берүүдөгү алдыңкы элементтердин үлгүлөрү алып келинип, жасалып, пайдаланууга берилүүдө.

Алардын бир үлгүсү катары ТИКА-Түрк Ишкерлеринин Кызматташтык уюму менен кызматташуунун алкагында 150 миң долларлык инвестиция тартылып, Түркиядан алынып келинген өтө бекем спорттук жабдыктар менен жабдылган заманбап спорттук аянтчалар ОшМУнун 5 жерине (окуу корпус, жатаканаларына) орнотулду. Ошондой эле ОшМУнун алдындагы «Зирек» балдар бакчасына атайын балдар үчүн аянтча курулду.

Бул аянтчалардын салтанаттуу ачылуу аземи 13-май күнү болуп, ар бири жеринде пайдаланууга берилди.

Аталган саамалыкка ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Еврен Ритбул мырза, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков башында турган жалпы жамаат катышышты. Спорттук аянтчалардын биринчиси-университеттин №1, №2, №3 жатаканаларында, экинчиси-юридика, тарых факультеттеринин окуу имаратынын алдында, үчүнчүсү-кыргыз филологиясы жана журналистика, орус филологиясы, педагогика жана дене тарбия факультеттери, “Билим” лицейи жайгашкан кампуста, төртүнчүсү-табият таануу жана география, теология факультеттеринин окуу имаратынын алдында, бешинчиси-медицина, эл аралык медицина факультеттери жана медициналык клиника жайгашкан ОшМУнун Ак-Буура кампусунда, ошондой эле ОшМУнун алдындагы «Зирек» балдар бакчасына атайын балдар үчүн аянтча орнотулду.

Сергек жашоону, дени сак болууну каалаган окутуучулар, студенттерден сырткары каалаган адамдар пайдаланууга шарт түзгөн бул аянчалардын ачылуусу жемиштүү эмгектенип келе жаткан ОшМУнун ректору К.Исаковдун сунушу менен турмушка ашкандыгын, бул сунуштун негизинде 13 комплект алынып келинип бешөөсү ОшМУга коюлса, калган Бишкек, Ош, Талас шаарына коюлган тренажердук аянтчалардын ачылуусуна да ОшМУ себепкер экендигин ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Еврен Ритбул мырза белгиледи.

Эми бул аянтчалар дени сак болуп, сергек жашоону энсеген адамдар үчүн кызмат кыла бермекчи.

13494 16:15 13-05-2016

                 

Новости

|< >|