Новости

ОшМУнун магистратрура жана PhD докторантура бөлүмүнүн Баткен жана Жалал-Абад шаарларындагы иш сапары!

Ош МУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы т.и.д., профессор Кенжаев Идирисбек Гуламович, Табият таануу жана география факультетинин магистратура башчысы, б.и.к., доцент Молдалиев Жоомарт жана Математика жана информациялык технологиялар факультетинин магистратура башчысы, Бизнести башкаруу академиясынын магистри Өмүрбек Имаралиевтен турган жумушчу топ иш сапары менен 2016-жылдын 27-28-29-апрель күндөрү Баткен мамлекеттик университетинде жана БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда , ал эми Педагогика жана дене тарбия факультетинин магистратура башчысы п.и.к., доцент Бабаев Марклен жана Орус филологиясы факультетинин магистратурасынын координатору ф.и.к., доцент Суркеева Венералар Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болуп кайтышты. Жолугушуулар өз максаттарына жетти, себеби ОшМУда 26 багыт боюнча ачылган магистратура жана анын заманбап технологияларды колдонуу менен дистанттык билим берүү маселелери кеңири талкууланды. Педагогикалык багыттагы магистратура окутуучулар жана мектеп мугалимдери үчүн билимин, илимин өркүндөтүүчү аянтча боло ала тургандыгы баса белгиленди. ОшМУ жөнүндөгү жылуу пикирлер алган багытыбыздын тууралыгын жана кабыл алган чечимибиздин өз учурунда болгонун тастыктады. Аймактын социалдык-экономикалык абалын жана педагогикалык кадрларга болгон муктаждыкты эске алуу менен жолуккан жамааттардын баары бир добуштан магистратуранын керектигин жалпы эле билим берүү тармагында реформалык кадамдардын зарылдыгын баса белгилешти.









4869 16:10 12-05-2016

                 

Новости

|< >|