Новости

Р.Абдыкадыровдун 75 жылдыгына арналган концерттик кече болду

26-апрель күнү ОшМУнун чоң залында обончу, композитор жана ырчы Р.Абдыкадыровдун 75 жылдыгына арналган салтанаттуу концерттик кече болуп өттү. Бул кечени ОшМУнун Искусство факультетинин алдында түзүлгөн Р.Абдыкадыров атындагы коомдук фонд жана анын жетекчичи п.и.к., профессор Б.Иметов уюштурган. Салтанаттуу кечени ачып берүү үчүн ОшМУнун ректору, профессор К.Исаковго сөз берилди. Ректор өз сөзүндө Искусство факультетинин өнүгүп, өсүп жаткандыгын жана келечеги кең экендигин баса белгилеп ж.б. каалоо-тилектерин айтып өттү. Ал эми кийинки сөздү КРнын эл артисти Ж.Алыбаев жана Р.Абдыкадыровдун кызына берилди алар агайдын чыгармачылыктары тууралуу терең токтолуп кетишти. Бүгүнкү кечеде Рыспайдын обондорунан 12 номер тартууланды.
3482 08:29 08-05-2016

                 

Новости

|< >|