Новости

ОшМУнун Конфуций институтунун окуу имаратына жана жатаканасына капсула салынды

Ош мамлекеттик университетинде эл аралык стандарттагы билим берүүгө жетишүү, университетти бүгүнкү мезгилдин талаптарына ылайык трансформациялоо, жаңы инфраструктураларды түзүү, окуу корпустарын, клиникаларды, жатаканаларды куруу багытында бир топ иштер аткарылууда. 2013-жылдан тартып университетте алты жаңы окуу имараты курулуп, пайдаланууга берилди.

Мындай демилгелерди 29-апрель күнү Конфуций институтунун окуу имаратын жана жатаканасын куруу иши улады. ОшМУнун ректору К.Исаков баштаган жамаат алдыга койгон перспективдүү пландарды турмушка ашырууну өзгөчө дем-күч менен улантып жатышат. Окуу имаратынын жана жатакананын пайдубалына капсула салып жатып жамаат ак жолтой имараттардан болуп, сапаттуу, алдыңкы кадрларды өстүрүүдө салым кошсун деген жакшы тилектерин айтып, аксакалдар ак батасын беришти. Саамалыкка ОшМУнун ректору Каныбек Исаков жетектеген ректорат жамааты, профессордук-окутуучулук курам, Ош шаарындагы Кытай Эл Республикасынын элчилигинен өкүлдөр, студенттер катышышты.

“Аталган окуу корпусу жана жатаканасы жер төлөсү менен биргеликте 6 кабаттан туруп, окуу имаратынын жер төлөсүндө чыгыш өнөрлөрүн үйрөтүүчү спорттук залдар, 1-кабатында заманбап конференц залдар, жогорку кабаттарында тилди жаңы технологиялар менен үйрөтүүчү лингафондук кааналар, мультимедиалык залдар, заманбап техникалар менен камсыздалган аудиториялар менен толукталса, 6 кабаттуу жатаканада студенттер, магистранттар үчүн, чет өлкөдөн келген окутуучулар үчүн бардык шарттары менен камсыздалган конок үйлөрү болот. Боз үй тибиндеги жатакананын эң үстүнкү бөлүгүндө жаңы типтеги конференц залдар орун алат. Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай ата мекендик окуу жайларда жатаканаларды куруу иши эгемендүүлүк жылдарда таптакыр жүргүзүлбөй калган. Биздин окуу жайдагы жатаканалардын курулганына 47 жылдын жүзү болуптур. Эми биз жатакана куруу ишин колго алып олтурабыз. Жакынкы күндөрү ОшМУнун Ыйман лицейине да Түркия Диянет фонду тарабынан каржыланган 400 орунга ылайыкташкан окуу имараты жана 200 орундуу жатакана куруу ишин баштайбыз. Бул иштерибиз дагы да улана берет», -деди ОшМунун ректору Каныбек Исаков.

Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы менен биргеликте үч жыл мурда ачылган Конфуций институтунда билим алууну каалагандардын саны жылдан жылга өсүп, учурда 300гө жакын студенттер билим алышат. ОшМУнун Конфуций институту кытай тараптан быйылкы жылы “Үлгүлүү Конфуций институту” деген статуска ээ болгон. Ошондуктан аталган институтка чоң заманбап окуу имаратын, студенттер, окутуучулар үчүн жатакана куруу боюнча кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Кытай Эл Республикасындагы Ханьбань Конфуций институттарынын башкы башкармалыгы тарабынан 800 000 доллар грант бөлүнгөн, учурда тендерден утуп алган ОсОО "Элитстрой" курулуш компаниясы курулуш ишин жүргүзүүдө. Имараттарды ушул жылдын сентябрь айында колдонууга берүү пландалган.

29656 18:45 29-04-2016

                 

Новости

|< >|