Новости

Ардактуу эс алууга узап жаткан кызматкерлерге сый көрсөтүлдү

Ош мамлекеттик университетинин ректораты жана профсоюз уюму жамаатта эмгектенген окутуучуларга, кызматкерлерге, студенттерге социалдык жактан ар дайым кам көрүп, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүп келүүдө. Бул багытта университеттин ректораты жана профоюз уюмунун ортосунда кабыл алынган жамааттык келишим да бар.

Бүгүн университетте 34 жыл үзүрлүү эмгектенип, жаштыгын, өмүрүн, ак эмгегин университетке арнап, учурда ардактуу эс алууга чыгып жаткан кыргыз фиологиясы жана журналистика факультетинин кабинет башчысы Абийби Базарбаева жана техникалык кызматкер Мастура Кимсанбаеваларды окуу жайдын ректору Каныбек Исаков, ректорат жамааты, профсоюз уюму менен биргеликте кабыл алып, жылуу сөздөрүн айтып, ыразычылыктарын билдиришип, бир айлык өлчөмүндөгү сыйлык, жана “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” төш белгилери менен сыйлады.

“Окуу жайыбызда улууларды урматтоо, сый көрсөтүү салтка айланган, жамаат ичинде ар дайым ардагерлерибизге көңүл бурулуп, материалдык, моралдык жактан колдоолор берилип келүүдө, ректорат менен профсоюз уюмунун жамааттык келишиминде да мындай иш аракеттер өзгөчө белгиленген”,-деди ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы Абдыжапар Аккулов.

31206 09:54 28-04-2016

                 

Новости

|< >|