Семинар-тренинг Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүп ага ойлоп табуучулар, бизнес чөйрөсү, жогорку окуу жайлардан аспираттар, магистранттар, илимий кызматкерлер жана студенттер катышышты. Семинар-тренингдин жүрүшүндө Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун аткаруучу директору Сияпат Батырканова, Кыргызпатенттин ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер жана өнөр жай үлгүлөрү бөлүмүнүн эксперти Саадат Дюшенбиева, ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин ишкананын экономикасы жана бизнести башкаруу кафедрасынын доценти Эльвира Саматова жана башка тренерлер интеллектуалдык менчик жаатында деңгээлди жакшыртуу, патент алуу, өтүнмөнү толтуруу жана бизнес долбоорун жазуу багытында маалымат беришти.
Тренингдин жүрүшүндө ОшМУнун Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун координатору Таасилкан Жумабаева интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү активдештирүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызпатенттин жылына бир жолу берилүүчү стипендиясын алууга сертификат менен сыйланды.