«Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасы бул долбоорду колдоо ирээтинде Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармаларынын жети томдук жыйнагын “Көчө китепканасына” белекке берди. Китеп билим алуунун негизги булагы экендигине көңүл бурдуруу, окурмандардын акыл көрөңгөсүн, ой жүгүртүүсүн өркүндөтүүгө университетибизде шарт бар экендигин даңазалоо максатында 500 гө жакын акыркы жаңы түшкөн китептердин жарманкесин уюштурдук», - деген илимий китепкананын директору С.Мамбетова “Китеп эң жакшы дос” долборунда эң мыкты көргөзмө уюштургандыгы жана “Көчө китепканасынын” ачылуу аземине кошкон салымы үчүн шаардын мэриясынын “Ыраазычылык каты” менен сыйландыгын кошумчалады.