Новости

"ОшМУ периси-2016" конкурсун Искусство факультети жеңип алды

18-апрель күнү Ош шаарынын С.Ибраев атындагы Кыргыз драма театрында болуп өткөн "ОшМУ периси - 2016" конкурсунда Искусство факультетинин 1-курсунун Муз(б)-1-15 тайпасынын студенти Нышанова Жумасия "Гран прини" жеңип алды, ал эми 3-орунга 2-курстун Муз(б)-1-14 тайпасынын студенти Баатырбек кызы Аксана татыктуу болду. Бул жетишкендик Искусство факультети үчүн зор жетишкендик деп эсептейбиз. Акыркы убакта факультеттин студенттери билим жактан да, саны боюнча да алдыңкы факультеттерден кем калбай, алдыда баратабыз. Бул конкурска ОшМУнун бардык факультеттерден конкурсанттар катышты, бирок, биздин кыздар акыл жагынан, шамдагайлыгы жагынан башкаларды алдыга чыгарган жок. Ийгиликке жетишип келген студенттерибизге ийгиликтерди гана каалайбыз.
3771 16:33 19-04-2016

                 

Новости

|< >|