Новости

2016-жылдын 16-апрель күнү Бизнес жана Менеджмент факультетинде факультеттин 20 жылдык мааракесине карата “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жыйыны" болуп өттү.

2016-жылдын 16-апрель күнү Бизнес жана Менеджмент факультетинде факультеттин 20 жылдык мааракесине карата “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жыйыны" болуп өттү. Жолугушууга Ош МУнун илимий иштер боюнча проректору, биология илимдеринин доктору проф. Жумабаева Т.Т.келип катышты. Ал өз сөзүндө:"Ош МУ Кыргызстандагы Университеттердин флагманы болуп эсептелинсе, ал эми Ош МУнун флагманы болуп эң алдыңкы факультеттердин бири, Бизнес жана Менеджмент факультети болуп саналат"-деп баса белгилеп өттү. Жолугушуу убагында факультеттин деканы э.и.к доцент М.Б. Убайдуллаев бүтүрүүчүлөргө факультеттин ийгиликтери, жетишкендиктери жана перспективалуу пландары боюнча маалымат берип оттү. Ошондой эле практика менен байланыш, көйгөйлөр жана келечек боюнча, доцент К. Токторов оз ой-пикири менен бөлүштү. Андан сырткары Ассоциациянын бүтүрүүчүлөрү ушул багыт боюнча иш аракеттерди күчөтүүнү сунуштап, байланышты күчөтүү жолдорун карашты. Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын кенешинин төрөгасы болуп Шамшидин уулу Замирбек шайланды. Кезектеги ассоциациянын кенешинин отуруму май айына белгиленди.
4617 15:41 18-04-2016

                 

Новости

|< >|