Новости

ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы бүтүрүүчүлөр менен жолугушту!!!



ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы т.и.д., профессор Кенжаев Идирис Гуламович 2016- жылдын март айында кесипке багыт берүү иштеринин алкагында ОшМУнун баардык факультеттеринин 4 жана 5-курсунун студенттери менен жолугушту.



Жолугушуу учурунда бөлүм башчы магистрдик даражанын азыркы коомдогу орду, Ош МУдагы эл аралык программалар жана жетишкендиктер жөнүндө кеңири маалыматтарды берди. Студенттер Ош МУнун магистратурасына тапшыруу эрежелери, окуу процесси, келечеги жана башка багыттар боюнча суроолоруна жооп алышты. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, катышкан студенттер университеттеги жасалып жаткан алгылыктуу иштерди баса белгилешип, университеттин жетекчилигинин ааламдашуу доорунда дүйнөлүк бирдиктүү билим берүү мейкиндигине кошулуудагы активдүү иш-аракеттерине ыраазычылык билдиришти.









3964 12:14 08-04-2016

                 

Новости

|< >|