Новости

Медицина факультетинин студентери Бишкек шаарында өткөн олимпиадага катышып келишти.

Медицина факультьетинин студентери 1-2-апрель күндөрү Бишкек шаарында, И.К.Ахунбаева атындагы КММАда медициналык окуу жайлардын арасында өткөн Олимпиадага катышып ийгиликтүү кайтып келишти.

Жалпысынан 5 мугалим жана Медицина факультетинин студентеринен куралган “ 103” курама командасы катышып 2-3 орунду камсыз кылышты.

Мындай Олимпиада биринчи жолу болуп жатат, мындан арыда медициналык окуу жайлар арасында байма-бай өткөрүүнү колго алып жатабыз, бул демилге ишке ашса биздин студенттерибиздин изденип, өнүгүп - өсүшүнө чоң өбөлгө түзгөн болобуз, колдоо көрсөткөн ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаков жана факультеттин деканы, профессор М.А.Арстанбековго, кафедра башчыларына, биздин намысыбызды коргоп келген студентерге терең ыраазычылыгымды билдирем деп кошумчалай кетти Акушерство жана гинекология кафедрасынын, доценти Г.С. Ташиева

3891 14:32 05-04-2016

                 

Новости

|< >|