Новости

Искусство факультети ишембилик өткөрдү

2-апрель күнү ОшМУнун жалпы жамаатына жана студенттерине ишембилик күнү деп белгиленген. Азыркы учурда Искусство факультетинин 1-2-окуу корпустарын 700дөн ашык студенттер жана 60тан ашуун окутуучулар менен көмөкчү персоналдар баары ишембилик өткөрүштү. Мында факультеттин короосу, ар бир аудитория жана Ош шаарынын ыйык деп эсептелген Ак-Буура дарыясынын жээктери тазаланды. Ак-Буура дарыясынын жээгин тазалоо үчүн 2 тайпа 60 студент куратору менен факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары жөнөтүлдү. Берилген тапшырмалар так аткарылып, белгиленген ишембилик өз максатына жетти деп эсептейбиз. Окутуучулар менен студенттердин маанайы аябай жакшы, тазалык бар жерде ийгилик көп болорун баары түшүнүп калышты. ОшМУнун жалпы жамаатын ишембилик майрамы менен Искусство факультетинин жалпы жамааты куттуктайт.
2959 12:38 02-04-2016

                 

Новости

|< >|