Новости

Искусство факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө магистратура боюнча жыйын болуп өттү

24-март күнү Искусство факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө магистратура департаментинин башчысы, т.и.д., профессор И.Кенжаев магистратуранын артыкчылыктары жана баалуулуктары тууралуу кеңири маалымат берди. Бул жыйындын эң негизги максаты, эки баскычтуу билим берүү системасын өнүктүрүү болуп саналат. Бул маселе боюнча ОшМУнун ректору, профессор К.Исаков баса белгилегендей, келечекте жогорку окуу жайларда эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын 95%ти илимий потенциалдын талаптарына жооп бериши керектигин даана алдын ала айтып өткөндүгү белгилүү. Андан сырткары магистратура департаментинин башчысы, И.Кенжаев жыйынды бардык маалыматтарды онлайн түрүндө да так түшүндүрүп өттү.
3275 10:16 26-03-2016

                 

Новости

|< >|