Новости

БиМде Нооруз-2016 аземи белгиленди

17-март күнү БиМдин окуу корпусунда Нооруз майрамын тосуу аземи болуп өттү. Салтка айланып калгандай казанда сүмөлөк кайнап, деканат жана жаштар комитети тарабынан оюн-зоок, ыр-бий, спорттук мелдештер уюштурулду. Бул күнү окутуучуларыбыз да, студенттерибиз да жаздын күнүндөй ачык маанайда жүрүштү. Түштөн кийин улуттук оюндардын ордо, аркан тартышмай, таш көтөрүү, кол күрөш түрлөрү боюнча кафедралар аралык мелдештер уюштурулду. Өзгөчө айымдар арасындагы аркан тартышуу, кол күрөш оюндары күйөрмандардын бүйүр кызыткан коштоосунда өтүп, майрамды шанга бөлөдү. Кечки саат беште факультеттин деканы доцент Убайдуллаев М.Б., ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент Абдувалиев А.О., ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, доцент Камалов Э.Т. аземди официалдуу түрдө ачык деп жарыялашып, баалуу каалоо-тилектерин айтып өтүштү. Андай сон кафедралар тарабынан даярдалган номерлерге орун берилди. Кечкисин студенттер үчүн бий кечеси уюштурулуп, алар бир черди жаза бийлешти. Ошондой эле улуттук оюндардын женүүчүлөрүнө деканат тарабынан даярдалган сыйлоо баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды.
4240 16:21 18-03-2016

                 

Новости

|< >|