Новости

Медицина факультетинин окуу лабораториялык корпусунунын кызыл тасмасы кесилди.

Бүгүн медицина факультетинин Окуу лабораториялык корпусунун ачылыш аземи болду. Ага ОшМунун ректору К.А., Исаков баштаган ректорат жамааты, КР Билим берүү жана илим министри Сариева Э.К., КР саламаттыкты сактоо министри Батыралиев Т. жана Жогорку кеңештин депуттары, Ош шаарынын мэри, башка ЖОЖдордун ректорлору, шаардык жана областтык ооруканалардын директорлору, атайын чакырылган коноктор, факультеттин декандары, кафедра башчылар катышты.

Алгач эл аралык медицина факультенинин жаңы имаратынын алдында чакан концерттик программанын коштоосу менен башталып Ош шаарынын мэри Кадырбаев А., жана КР Билим берүү жана илим министри Сариева Э.К., КР саламаттыкты сактоо министри Батыралиев Т. Жогорку кеңештин депутатты Садык Шер Нияз куттуктоо сөз сүйлөп акыркы 3-жыл аралыгында ОшМУ жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн баса белгилеп, жетекчиликке ыраазычылыктарын билдирди.

ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин кызыл тасмасы кесилгенден соң, окуу лабораториялык корпусунун кызыл тасмасын КР Саламатыктты сактоо министри Батыралиев Т., жана ЖКтин депутатты Садык Шер Нияз кесип келечекте мыкты дарыгерлер даярдалсын деген жакшы тилектерин айтып өттү.


Эскерте кетсек: 26-сентябрь күнү 4 кабаттуу окуу лабораториялык корпусунун курулушун иштери башталган. Бул имарат 26 аудиториядан туруп, университтеттин ички каражатынан каржыланды. Даярдаган: Алимбек кызы А.

4336 12:36 15-03-2016

                 

Новости

|< >|